Жол кыймылын тескөөчүлөр жасалма айдоочулук күбөлүк колдонгон айдоочуну аныкташты. Бул тууралуу 21-майда милициянын Кайгуул кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, факт каттоого алынып, андан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Бишкектин Октябрь райондук милициясына өткөрүлүп берилген.
Кармалган айдоочу күбөлүктү Телеграмм мессенжеринен сатып алганын айтты.
"Кымбатпы, арзанбы, баары бир МАИ кызматкерлери билип алышат экен. Андан көрө экзамен тапшырып, мыйзамдуу эле алыңыздар",- деди ал.