Көк бөрү боюнча Жеңиш кубогу турниринин жогорку лигасында "Намыс" жана "Сары-Өзөн" командалары беттешти.
Жыйынтыгында "Намыс" атаандашын 5:1 эсебинде жеңип, финалдык баскычка жолдомо алды. Нарындын командасы эми финалда Таластын "Ынтымак" курамасы менен кезигет.
Ал эми "Сары-Өзөн" үчүнчү орун үчүн күч Оштун "Достук" командасы менен күч сынашат.