Биз социалдык тармакта

Жайыттарды калыбына келтирүүгө 50 миллион сом бөлүндү (видео)

2026-жылы кунарсыз жана деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү максатында республикалык бюджеттен 50 миллион сом каралган. Бул тууралуу 21-майда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган каражаттын эсебинен жалпы көлөмү 186 миң 440 килограмм болгон жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү сатылып алынды. Анын ичинде:
• кылкансыз түп бош — 28 миң 878 килограмм;
• жайыт райграсы — 28 миң 878 килограмм;
• шаалбаа бетегеси — 42 миң 26 килограмм;
• эспарцет — 86 миң 658 килограмм.
Алынган үрөндөр өлкө аймагындагы түшүмдүүлүгү төмөндөп кеткен жайыттарды жакшыртууга багытталып, мал чарбачылыгынын тоют базасын бекемдөөгө, жайыттардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана экологиялык абалды жакшыртууга кызмат кылат.
2026-жылы жайыттарды калыбына келтирүүгө 50 миллион сом бөлүндү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан