Ош шаарында “Жекелик” каналынын корук аймагын мыйзамсыз курулуштардан жана тосмолордон бошотуу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Тазалоо иштери Манас-Ата аймактык башкармалыгы аркылуу өткөн каналдын аймагында жүрүүдө. Максат - каналдын корук тилкесин ачуу, жээктерди иретке келтирүү жана тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу.
Иш-чаралар шаардагы ирригациялык системди сактоо жана сел коркунучтарынын алдын алуу багытында жүргүзүлүүдө.