
Сеул шаарында экономика жана коммерция министри
Бакыт Сыдыков Түштүк Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) вице-президенти
Хонг Сок Хва менен жолугушту.
Анын жүрүшүндө тараптар учурдагы кызматташтыкты жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.
"KOICA'нын вице-президенти Кыргызстан агенттиктин 2026-2031-жылдарга карата артыкчылыктуу өнөктөш өлкөлөрүнүн тизмесине киргизилгенин белгиледи. Ал бул чечим эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаңы программаларды ишке ашырууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн айтты",- деп билдирди министрлик.