Биз социалдык тармакта

Кыргыз Эл баатыры наамы канча адамга ыйгарылган?

Президент Садыр Жапаров диний ишмер Чубак ажы Жалиловго Кыргыз Эл баатыры наамын ыйгарды.

Жогорку наам Кыргызстандын эркиндиги, көз карандысыздыгы жана өнүгүшүнө зор салым кошкон жарандарга ыйгарылат. Мамлекеттик сыйлыкты алган кишиге "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси жана тиешелүү күбөлүк тапшырылат. Наам көзү өтүп кеткендердин мураскерине берилет.

Кыргыз Эл баатыры 1996-жылдын 16-апрелинде негизделген. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, бүгүнкү күндө бул наамды 39 адам алган. Алардын бири сыйлыктан ажыратылган.

  • 1997-жылы 4-февралда жазуучулар Түгөлбай Сыдыкбековго, Чыңгыз Айтматовго, скульптор Тургунбай Садыковго ыйгарылган.
  • 1998-жылы аталган наам космонавт Салижан Шариповго берилген.
  • 1999-жылы мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевге ыйгарылган.
  • 2000-жылы кино жана театр актрисасы Сабира Күмүшалиева алган.
  • 2002-жылы “Нарынгидроэнергокурулуш” ишканасынын кызматкерлери Курманбек Арыковго жана Акбаралы Кабаевге Нарын каскадынын ГЭСтерин куруудагы жан аябас жемиштүү эмгеги жана Кыргызстандын экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылган.
  • 2003-жылы дирижёр жана композитор Асанкан Жумакматовго берилген.
  • 2004-жылы хирург Мамбет Мамакеев сыйланган.
  • 2005-жылы бул сыйлык мамлекеттик ишмер Апсамат Масалиевге ыйгарылган.
  • 2006-жылы акын Сүйүнбай Эралиев алган.
  • Бул сыйлык 2007-жылы акын Сооронбай Жусуевге жана жазуучу Төлөгөн Касымбековго берилген.
  • 2009-жылы хирург Эрнст Акрамов алган.
  • 2010-жылы мамлекеттик ишмерлер Исхак Раззаковго жана Күлийпа Кондучаловага, Дооронбек Садырбаевге ыйгарылган.
  • 2011-жылы Алиясбек Алымкулов демократиялык баалуулуктарды коргоого кошкон салымы аталган наамга ээ болгон. Ал жылы жазуучу Бексултан Жакиев менен нейрохирург Миталип Мамытов да алган.
  • 2013-жылы мамлекеттик жана коомдук ишмер Таштанбек Акматов татыган.
  • 2014-жылы манасчы Жусуп Мамайга берилген.
  • 2017-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаев алган. Бирок 2025-жылы ал бул сыйлыктан ажыратылган.
  • 2019-жылы мамлекеттик ишмерлер Төрөбай Кулатовго жана Султан Ибраимовго ыйгарылган.
  • 2021-жылы мамлекеттик ишмерлер Жусуп Абдрахмановго жана Ахматбек Сүйүмбаевге берилген.
  • 2022-жылы мамлекеттик ишмерлер Арстанбек Дүйшеевге, Апас Жумагуловго, Медеткан Шеримкуловго, Камчыбек Ташиевге жана режиссёр Болот Шамшиеевге ыйгарылган.
  • 2023-жылы мамлекеттик ишмерлер Абды Сүйөркуловго, Насирдин Исановго жана хирург Иса Ахунбаевге ыйгарылган.
  • 2024-жылы мамлекеттик ишмерлер Абдыкадыр Орозбековго менен Болот Мамбетовго берилген.

Былтыр өлкөдөгү эң жогорку сыйлык эч кимге берилген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан