Биз социалдык тармакта

Жолдо айдоочуну бычак менен коркуткан башка айдоочу аныкталды (видео)

21-майда Кемин районунун Ак-Бекет айылында эки айдоочунун ортосунда жаңжал чыгып, бири экинчисин бычак менен коркуткан окуя катталды. Интернет желесине окуянын видеосу тарады.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, бул факт боюнча 2001-жылы туулган У.А. аттуу жаран арыз менен кайрылды. Анын айтымында, ошол күнү саат 15:00 чамасында Ак-Бекет айылында чыгыштан батышты көздөй бара жатып, күмүш түстөгү Mercedes-Benz S-500 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусун, 1996-жылы туулган Н.Э., KIA K5 үлгүсүндөгү автоунаа менен ашып өтүп, айдоочуну бычак менен коркутуп, жолун тосуп токтоткон.

Аталган факт каттоого алынып, текшерүү иштери башталды. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө 1996-жылы туулган Н.Э. аныкталып, кармалды. Ага Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. KIA K5 үлгүсүндөгү унаа айып короого токтотулду.

Тергөө уланууда.

Кемин жолунда бычак менен жарандарды коркуткан айдоочу аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан