
Ош шаарында тургундар жана меймандар үчүн жаңы тротуарлар курулуп, шаардын инфратүзүмү жаңыланууда.
Мэриядан билдиришкендей, кечээ, 21-майда шаар башчысы Жанар Акаев жолдордун курулуш иштеринин сапатын жеринде текшерип, жээктерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин тездетүүнү тапшырды.
Жаңы басылган тротуарда велосипед сүйүүчүлөр үчүн атайын веложол да каралып, ал кызыл түскө боёлду.
Акаев рейд учурунда шаардыктар менен баарлашып, тротуар боюнча алардын оюн укту.