Бүгүн, 22-майда Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин илим жана техника маселелери боюнча министрликтеринин жана мекемелеринин жетекчилеринин 10-жыйыны өтүп жатат.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматованын айтымында, аталган иш-чаранын негизги максаты - ШКУга мүчө мамлекеттердин билим берүү тармагындагы кызматташтыгын илгерлетүү.
"Бул кеңешме Кыргызстанда биринчи жолу илим жана технология чөйрөсүндө өтүп жатат. Анын негизги максаты - жаңы технологияларды санариптештирүү, илимий чөйрөдө жаңы жаңылыктарды жаратуу болуп саналат. Бул кеңешмеде "жашыл технологиялык коридор" деген жаңы демилгени сунуштап жатабыз. Ал ШКУга мүчө мамлекеттердин билим берүү тармагындагы кызматташтыгын илгерлетүү жана жаңы демилгелерди колдоого багытталган",- деди Гүлзат Исаматова.