Бишкекте жаш баланын уюлдук телефонун уурдап алууга шектүүлөр кармалышты.
Шаардык милиция билдиргендей, баланын ата-энеси арыз менен кайрылды. Анда 19-майда Гагарин көчөсүндө жүргөн жашы жете элек уулунун 30 миң сомдук уюлдук телефонун белгисиз жарандар уурдап кетишкенин билдирди.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1990-жылы туулган Т.Т. жана 1992-жылы туулган Б.Б. кармалды. Алар ушундай эле кылмыштар үчүн мурда бир нече жолу соттолушканы аныкталды.
Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.