Биз социалдык тармакта

Нью-Йорктогу мекендештер парадда Кыргыз туусун көтөргөн казакстандыктарды сыйлашты (видео)

АКШнын Нью-Йорк шаарында жыл сайын өтүүчү “Turkish Day Parade” иш-чарасында Кыргызстандын туусун көтөрүп чыккан казакстандык жигит Жасулан баткендик мекендеш айымдан сый-урмат көргөнүн билдирди. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирүү калтырып, видео менен бөлүштү.

Анын айтымында, кыргызстандыктар аны Нью-Йорк шаарындагы чыгыш тамактарын жасаган “Ансор” ресторанына чакырышты. Тамактануучу жайдын ээси Зейнеп айым Баткен облусунан болот.

"Зейнеп эже биздин видеону көргөндөн кийин абдан эмоцияга алдырып, көзүнө жаш алганын айтты. Ал өзүнүн тааныштары аркылуу биз менен байланышып, кыргыз элинин атынан ыраазычылык иретинде кечки тамакка чакырды. Биз досторубуз менен бирге ошол жылуу чөйрөдө отуруп, баарлашып, дасторкон үстүндө баардыгыбыз үчүн жагымдуу жана унутулгус учурга күбө болдук. Бул окуя кандай гана аралык болбосун, кыргыз жана казак элдери бири-бирине жакын экенин, колдоп жана сыйлап жашай турганын дагы бир жолу далилдеди",- деди Жасулан.

Ал кыргызстандыктардан дагы да көптөгөн ыраазычылык каттарын алып жатканын кошумчалады.

Нью-Йорктогу мекендештер парадда Кыргыз туусун көтөргөн казакстандыктарды сыйлашты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан