Бишкек шаарында 1-июлдан тарта коомдук унааларда накталай төлөм алынбайт. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев жергиликтүү басылмаларга берген маегинде айтты.
"Накталай төлөмдөн кетүү үчүн 1-июлдан тарта коомдук унааларда накталай төлөм алынбайт. Эгер жүргүнчүдө накталай эмес төлөө мүмкүнчүлүгү жок болсо, автобус албайт",- деди мэр.
Ошондой эле Жунушалиев бул жылы жол кире акысы көтөрүлбөй турганын билдирди.