Биз социалдык тармакта

Жоламан Шаршенбеков Олимпиадада Фумитага жеңилип калганынын себебин айтты

Белгилүү балбан Жоламан Шаршенбеков Спортхаб ютуб каналына курган маегинде Париж Олимпиадасында япониялык атаандашы Фумита менен күрөшүүдөгү катачылыгын айтып берди.

Ал каршылашы оң тарапка көтөрүп чабуу ыкмасын өздөштүрүп алганын айтат.

"2023-жылкы Дүйнө чемпиондугунда күрөшкөндө ал сол тарапка чабууга аракет кылган. Бирок ал чапканда мен бутум менен туруп калып жаткам. Олимпиадада болсо оң жакка көтөрүп чапты. Анан ошол беттеште аны чарчатам деген ой менен ылдам темпте күрөшүп жатып, күрөшкө алаксып кеттим. Ошентип бир катадан кармап кетти",- деди Шаршенбеков.

Айта кетсек, Шаршенбеков Париж шаарында өткөн Жайкы Олимпиада оюндарынын жарым финалында япониялык балбанга 3:4 эсебинде жеңилип калган.

Жоламан Шаршенбеков Олимпиадада Фумита жеңилип калганынын себебин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан