Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаарда түнкү автобустарды жүргүзүү пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу мэр "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында журналисттердин суроолоруна жооп бергенде айтты.
Айтымында, долбоор учурда коомдук талкууда.
“Эгер бул ишке ашырылса, автобустар сутка бою жүрөт. Ал эми жол кире болжол менен 50-70 сомдун тегерегинде болот”,- деди мэр.
Видео: Спутник.кж