Белгилүү балбан Жоламан Шаршенбеков Спортхаб ютуб каналына берген маегинде Олимпиада чемпиону болуу ал үчүн кандай сыймык экенин айтып берди.
"Мен 5 жолку Дүйнө чемпиону болгондон көрө 1 жолку Олимпиада чемпиону болууну тандамакмын",- деди ал.
Шаршенбеков Олимпиада чемпиону болгондон кийин гана маектерге барууну максат кылганын кошумчалады.
Айта кетсек, Шаршенбеков Дүйнөнүн эки жолку чемпиону жана Парижде өткөн Жайкы Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси.