Бишкекте Beeline улуттук мобилдик оператору менен Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын (ККБФ) ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Өнөктөштүк биргелешкен демилгелерди иштеп чыгууга, кесиптик бирлик коомчулугун колдоого жана бирикмелердин мүчөлөрү үчүн жеткиликтүү телекоммуникациялык чечимдерди өнүктүрүүгө багытталган.
Кызматташуунун алгачкы натыйжаларынын бири "Профсоюздук" атайын тарифинин ишке кириши болот. Ал Кыргызстандын кесиптик бирликтердин уюмдарынын катышуучулары үчүн иштелип чыккан жана уюлдук байланышты күнүмдүк ыңгайлуу пайдаланууга багытталган. Тариф абоненттердин заманбап муктаждыктарына жооп берген ыңгайлуу жана пайдалуу шарттарды сунуштайт.
— Beeline менен ККБФнын кызматташтыгынын алкагында кесиптик бирдик уюмдарынын мүчөлөрү үчүн атайын түзүлгөн "Профсоюздук" тарифин тартуулаганыбызга кубанычтабыз, — деп белгилешти Beeline Кыргызстан компаниясында.
— Биз үчүн байланыштын заманбап кызматтары Кыргызстан боюнча адамдар үчүн жеткиликтүү болушу маанилүү, ал эми ККБФ менен өнөктөштүк мындай чечимдерди чоң кесиптик бирлик коочулугуна жакындатууга мүмкүндүк берет.
Beeline менен ККБФ мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана жаңы биргелешкен демилгелерди кароону көздөөдө. Артыкчылыктуу багыттардын катарында кесиптик бирдик коомчулугунун ичиндеги байланышты чыңдоо, санариптик кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана пайдалуу жана практикалык чечимдер аркылуу Кыргызстандын жумушчуларына социалдык колдоо көрсөтүүнү өнүктүрүү бар.
Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.