Биз социалдык тармакта

Кызыл-Кыяда 4 адамды сызга отургузган жигит Оштон кармалды

Кызыл-Кыя шаарында бир катар алдамчылык фактыларына шектелген жаран Оштон кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 24 жаштагы жаран 4 адамды ар кандай шылтоолор менен сызга отургузган. Шектүү алардын унааларын, үй мүлктөрүн сатып алууда сумманын бир бөлүгүн гана төлөп, калганын бербестен из жашырып кеткен. Жалпы чыгым 1 миллион 920 миң сомду түзөт.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү Ош шаарынан колго түшкөн. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан