Биз социалдык тармакта

Бишкекте Курман айт намазы эски аянтта окулат

Бишкек шаарында Курман айт намазы Усубалиев атындагы эски борбордук аянтта окулат. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Айт намазын өткөрүүнүн тартиби жана программасы:

06:30-07:00 – куран аяттарын окуу жана дуба кылуу;
07:00-07:25 – диний баяндарды жасоо;
07:25-07:30 – айт намаз.

Ош шаарында да Курман айт намазы борбордук аянтта окулат.

Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири болгон Курман айт майрамы орозо бүткөндөн 70 күндөн кийин белгиленет. Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо “курмандык чалуу майрамы” дегенди билдирет.

Курман айт майрамы быйыл 27-майда белгиленет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан