Биз социалдык тармакта

Жыргалбек Медетканов Турак жай-курулуш департаментин жетектейт 

Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору болуп Жыргалбек Медетканов дайындалды. Бул тууралуу 22-майда аталган министрлик кабарлады.

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини эмгек жамаатка министр Нурдан Орунтаев тааныштырды.

Министр өз сөзүндө калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо, ошондой эле социалдык жана маданий багыттагы объекттердин курулушун талапка ылайык жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Медетканов буга чейин аталган департаменттин директорунун орун басары кызматында эмгектенген. Курулуш тармагындагы эмгек жолу 2008-жылы инженер адиси катары башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан