Биз социалдык тармакта

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

Борбордук Азия дүйнөлүк саякатчылардын көңүлүн кызуу бурууда, ал эми Кыргызстандын жылдызы алардын арасында жаркырап жанып турат. Көк мелжиген тоолордун, тунук көлдөрдүн жана көөнө көчмөн маданияттын өлкөсү расмий түрдө экотуризмди, хайкингди жана чыныгы укмуштуу окуялардын сүйүүчүлөрү үчүн бейиш катары бааланууда.

Бул жагынан дүйнөлүк белгилүү эксперттер бир пикирде. Кыргызстан 2026-жылга карата The New York Times гезитинин мыкты туристтик аймак рейтингине кирди. Буга чейин өлкө Russian Traveler Awards сыйлыгында мыкты чет элдик багыт статусун алып, National Geographic Traveler журналы тарабынан уникалдуу фототурлар үчүн эң мыкты жер катары бир нече жолу белгиленген. Эксперттердин пикири белгилүү: Борбордук Тянь-Шань жана Памир-Алай катмарланып кар баскан бийик чокулардан тартып, марсиан каньондоруна жана легендарлуу Ысык-Көлгө чейинки укмуштуудай кооз жерлерди сунуштайт.

Тоолордогу жана жолдордогу байланыш

Жапайы жаратылыш сонун, бирок ар кандай өз алдынча саякатта коопсуздук жана логистика биринчи планга чыгат. Каньондордо треккинг, ат менен сейилдөө же автосаякат пландаштырууда байланыш маселеси негизги болуп эсептелет. Жергиликтүү гиддер жана альпинисттер өлкө боюнча саякаттар үчүн О! операторун анын камтуу тыгыздыгына байланыштуу тандоо жакшыраак дегенге кошулушат.

Толук кандуу жөө жүрүшкө чыккандар үчүн бул көбүнчө коопсуздук маселеси. Альпинисттер арасында байланыш 4530 метр бийиктиктеги популярдуу Мугалим чокусунда да кармайт деген окуя кеңири таралган. Оператордун абоненттери ал жерден видео чалуу жасап же сүрөттөрдү ошол жерден түз эле жүктөй алышат.

Жерде да туруктуу сигналдын болушу маанилүү. Кыргызстандын маршруттары көбүнчө алыскы ашуулар жана узакка созулган аймактык жолдор аркылуу өтөт. О! түйүнү стратегиялык трассалардын көбүн камтыйт. Эгер жолдо күтүлбөгөн жагдай болуп кетсе – мисалы, ашууда ижарага алынган машина бузулуп калса – сигнал издеп бир нече километр жөө басуунун кереги жок. Тынч эле техникалык жардам чакырып, мессенджерге геолокацияны жөнөтүп, алмаштыруучу автоунааны күтсө болот.

Кадимки туристтик күндөлүк жашоодо туруктуу 4G негизги тиричилик маселелерин да чечет: Караколдон, Чолпон-Атадан же Бурана мунарасынан сүрөттөрдү тез жөнөтүүдөн баштап банктык тиркеме аркылуу онлайн төлөмдөрдү жүргүзүүгө чейин жумуш маселелерин ыкчам жүзөгө ашырса болот.

eSIM күчү – О! менен байланышта

Кыргызстанга келгендер үчүн эң негизги лайфхак – О! компаниясынан eSIMди жергиликтүү оператордун офисине барбастан, аралыктан туташтыруу. «Мой О!» тиркемесин аэропорттон О! компаниясынын акысыз Wi-Fiына кошулуп жүктөп алсаңыз болот – бул бажы көзөмөлүн күтүп жатканда оңой эле жасалат.

Мында оператордук текчелерди издөөгө убакыт коротуунун, промоутерлерден физикалык сим-карта алуунун же туристтик тарифтер үчүн 6 эсе ашык төлөөнүн кереги жок. Кыргызстанда бардыгына толук чексиздикти акция боюнча 4 жумага болгону 330 сомго (4 эле $) кошсо болот. Мындай арзандатуу 3 ай бою күчүндө болот.

eSIMди кантип алса болот?

1. «Мой О!» тиркемесин жүктөп алыңыз, «О! абоненти болуңуз» баскычын басыңыз;
2. Паспорт боюнча каттоодон өтүңүз;
3. Номерди жана тарифти тандаңыз;
4. Тандалган опцияларды каалаган ыңгайлуу жол менен төлөңүз;
5. eSIMди активдештирүү үчүн уникалдуу QR-кодду алыңыз же нускамага ылайык автоматтык жөндөөлөр аркылуу eSIMди активдештириңиз.

Катталуу жана активдештирүү Кыргыз Республикасынын аймагында гана жүргүзүлөт.

О! – Келериңиз менен дароо байланышыңыз!

О! компаниясынын күнү-түнү иштеген колдоо кызматы:
• WhatsApp аркылуу: https://wa.me/996700000999;
• Telegram аркылуу: @o_mobile_operator_bot;
o.kg сайтындагы онлайн-чатта.

О! операторунун Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же X оциалдык тармактардагы расмий баракчаларына жазылыңыз.

Кыргызстан тоолорго суктанууну, байыркы каада-салттарды баалоону жана эркиндиктин рухун сезүүнү каалагандардын баарын конокко чакырат, ал эми О! Мобилдик оператору саякатыңызда туруктуу байланыш жана жогорку ылдамдыктагы интернет коштоп жүрүүсүнө кам көрөт.

Кыргызстанга кош келиңиздер – Добро пожаловать в Кыргызстан – Welcome to Kyrgyzstan!

«НУР Телеком» ЖЧКсы, КР МТжБМК караштуу МБА лицензиялары: №16-0062-КР жана №16-0063-КР 06.12.2016-ж.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан