Биз социалдык тармакта

Сеулда кыргыз-корей соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Сеул шаарында экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түштүк Кореянын соода, өнөр жай жана ресурстар министри Ким Чжонгван менен жолугушуу өткөрдү.
Анда тараптар соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, кыргыз продукциясынын Түштүк Корея рыногуна экспортун кеңейтүү боюнча маселелерди талкуулашты.
Кыргыз тарап өндүрүш тармагындагы өнөр жайлык кооперацияны өнүктүрүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, электрондук сооданы илгерилетүүгө жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле эки тараптуу кызматташууну мындан ары чыңдоо жана жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маанилүү экени белгиленди.
Маалымат үчүн: 2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстан Түштүк Корея менен болгон товар жүгүртүүсү 9,2 эсеге өстү. Анын ичинде экспорт 4,5 эсеге, импорт 9,3 эсеге көбөйдү. 2025-жылы Кыргызстан Түштүк Корея менен товар жүгүртүүсү 508,7 миллион долларды түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 17 пайызга өскөн. Анын ичинде импорт 506,0 миллион долларды түзүп (17 пайыз өсүш), экспорт 2,7 миллион долларды түзүп, 3,8 пайыз өсүш болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан