Биз социалдык тармакта

Бишкектеги №91 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулууда

Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунда жайгашкан №91 мектепке 750 орундуу кошумча корпус салынып жатат.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, курулуш иштери быйыл март айында башталып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоорго ылайык, жалпы аянты 8234 чарчы метр болгон үч кабаттуу заманбап мектеп имараты тургузулат.

Жаңы корпуста:
• кең жана заманбап окуу класстары;
• китепкана;
• ашкана;
• лаборатория;
• компьютердик класс;
• жыйындар залы;
• бардык шарттары каралган спорт зал жайгашат.

Учурда курулуш аянтында үчүнчү кабаттын колонналарын орнотуу иштери жүрүүдө.

Долбоор толугу менен аяктап, пайдаланууга берилгенден кийин мектеп эки нөөмөттө 2000ге жакын окуучуну кабыл алууга мүмкүнчүлүк алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан