Ош шаарында жазгы үч айлыктын алкагында кезектеги штабдык отурум өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Отурумда буга чейин уюштурулган ишембиликтердин жыйынтыгы талданып, тиешелүү мекеме-ишканалардын аткарган иштери боюнча маалыматтар угулду.
Ошондой эле 22-май күнү шаар аймагында жалпы республикалык ишембиликти уюшкандыкта өткөрүү пландалып жатканы белгиленди. Ага бардык мекеме-ишканалар, менчигинин түрүнө карабастан, активдүү катышууга чакырылды. Жооптуу жетекчилерге даярдык иштерин сапаттуу уюштуруу боюнча тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, жазгы үч айлыктын алкагында жашыл аймактарды кеңейтүү, бак-дарак жана гүл көчөттөрүн отургузуу иштерин улантуу милдети коюлду.