Биз социалдык тармакта

Тоготпой сөгүнүп... Бишкекте мас айдоочу менен жүргүнчүгө чара көрүлдү

Бишкекте мас абалында жол тескөөчүлөргө баш ийбегендерге чара көрүлдү. Бул тууралуу Кайгуул кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-майда Kia Sorento үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол тескөөчүлөрдүн мыйзамдуу талабына баш ийбей, качууга аракет кылып, каршылык көрсөткөн. Анын жанындагы жүргүнчү милиция кызматкерлерине карата орой сөздөрдү жана уят сөздөрдү айткан. Эки жаран тең мас абалында болушкан.

Натыйжада айдоочуга карата укук бузуу боюнча протокол түзүлсө, жүргүнчү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Унаа айып короого токтотулган.

Бишкекте мас айдоочу менен жүргүнчүгө чара көрүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан