Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Тажикстан лидери менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 23-майда өлкө башчы Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Мамлекет башчынын администрациясы кабарлагандай, эки мамлекеттин башчылары достук маанайда кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы ынак коңшулук, өз ара түшүнүшүү жана достук духундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоо келечегин талкуулашкан.

Мамлекет башчылары мурда жетишилген мамлекеттер аралык макулдашууларды иш жүзүнө ашырууну улантуунун маанилүүлүгүнө токтолушуп, ошондой эле саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө өз ара даяр экендиктерин ырасташкан.

Президенттер ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги айрым маселелер боюнча пикир алмашышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан