Орусиялык актёр Сергей Безруков Кыргызстандын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов тууралуу тартылып жаткан "Айтматов" аттуу көркөм тасмага катышып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады.
"Чыңгыз Айтматов тууралуу биографиялык тасманы тартып жаткан Каныбек Калматовдун ишине катышып жатам. Бул - кыргыз киносундагы ири долбоорлордун бири. Мен болсо бир аз жардам берип жатам",- деп билдирген актёр.
Айта кетсек, 2025-жылы режиссёр жана оператор-коюучу Каныбек Калматов улуу жазуучунун өмүрү жана чыгармачылык жолу жөнүндө ири көркөм тасма тартарын билдирген.
Тасманын бет ачары 2026-жылга мерчемделген.