Биз социалдык тармакта

Президенттин бир гана коомдук кеңешчиси бар экени айтылды

Өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов президенттин коомдук кеңешчи жана коомдук жардамчы кызматтары боюнча билдирүү таратты.
Айтымында, президенттин коомдук кеңешчиси жана президенттин коомдук жардамчысы деген кызматта учурда Кыргызстандын жарандарынан эч ким жок.
"Президент Садыр Жапаров милдеттерин коомдук башталышта аткарып жаткан кеңешчилери менен жардамчыларынын бардыгын 2024-жылы сентябрда президенттин администрациясын реформалоо жана башкаруунун натыйжалуулугун арттыруунун алкагында бошоткон (коомдук башталыштагы 7 жардамчы жана коомдук башталыштагы 19 кеңешчи).
Учурда президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао гана (санарип активдери жана блокчейн технологиялары маселелери боюнча)",- деп жазды Алагөзов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан