
Вьетнамдын Да Нанг шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча (U-17 жана U-23) Азия чемпиондугунда
Айжаркын Жаныбекова коло медалга ээ болду.
Ал 76 килограммга чейинки салмак категориясында беттеш өткөрдү. Балбан айлампалык мелдештердин жыйынтыгы менен упай артыкчылыгынын негизинде коло медалга ээ болду.
Дене тарбия жана спорт агенттиги аталган мелдештер 31-майга чейин уланарын билдирди.