
Вьетнамда өтүп жаткан күрөш боюнча (U-17 жана U-23) Азия чемпиондугунда
Нурболот Бердикулов грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу 25-майда Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, балбан 55 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашкан.
Белгиленгендей, Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча U-23 курама командасы Азия чемпиондугунда командалык эсепте 3-орунду ээледи.