Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү калк менен милдеттүү жолугушууларды жылына эки жолудан өткөрүп турушат. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Жарлык президенттин ушул жылдын 10-15-апрелиндеги Ош облусуна жана Ош шаарына болгон иш сапарынын жыйынтыктары боюнча тапшырмасын аткаруу максатында иштелип чыккан.
Документке ылайык, облус башчылары калк менен милдеттүү жолугушууларды ар бир жылдын февраль-мартында жана ноябрь-декабрында өткөрүшөт.