Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев BBC'нин Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык директору Ричард Колборн менен жолугушту.
Министрликтин маалыматына ылайык, тараптар Кыргызстандагы медиа чөйрөнүн учурдагы абалын, сөз эркиндигин камсыз кылуу, санариптик журналистиканы өнүктүрүү жана жалган маалыматтарга каршы аракеттенүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле маалымат тармагындагы тажрыйба алмашуу жана эл аралык медиа кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алышуу болду.
Мындан тышкары тараптар дүйнөлүк аудиторияга Кыргызстанды таанытуу багытындагы мүмкүнчүлүктөрдү карашты. Айрыкча 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын эл аралык деңгээлде чагылдыруу маселесине көңүл бурулду.