Биз социалдык тармакта

Министр Ошто селден кийинки калыбына келтирүү иштери менен таанышты

Бүгүн, 26-майда өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ош облусунда сел кырсыгынан жабыркаган калктуу конуштарды калыбына келтирүү иштери менен таанышты.

Министрликтин маалыматына ылайык, ӨКМ башчысы Араван, Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы сел жүргөн аймактарды көрүп, тартылган кызматтардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөдү. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине жалпысынан 829 адам, 29 техника жана 29 мотопомпа ишке киргизилген.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Ош — Араван — Чек-Абад, Ноокат — Араван — Добо-Коргон, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жана Жаңы-Арык — Кызыл-Суу унаа жолдору эки тараптуу кыймыл үчүн ачылды.

Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери Араван районунун Жаңы-Араван айылында, Кара-Суу районунун Сары-Колот жана Жар-Ооз айылдарында, ошондой эле Өзгөн районунун Кароол айылында улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан