Биз социалдык тармакта

Бишкекте №88 мектепке 500 орундуу жаңы корпус курулууда

Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда жайгашкан №88 жалпы билим берүү мектебине кошумча 500 орундуу жаңы окуу корпусунун курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда курулуш иштеринин жүрүшүндө имараттын экинчи кабатынын колонналары тургузулду.

Долбоорго ылайык, жаңы корпус 3 кабаттан туруп, заманбап стандарттарга жооп берген шарттар менен жабдылат. Имараттын жалпы аянты 5525 чарчы метрди түзөт.

Белгилей кетсек, республикалык бюджеттин эсебинен Бишкек шаарында 20 жаңы мектепти куруу иштери активдүү жүрүп жатат. Курулуш процесси тиешелүү мамлекеттик органдардын көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан