Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 27-майда президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда бул майрам кылымдар бою ата-бабалардан калган диний жана улуттук руханий нарктарды, боорукердикти, кайрымдуулукту жана жоомарттыкты даңазалаган өзгөчө касиеттүү күн экенин белгилеп өттү.

"Бул майрам адамзаттын дилинин тазалануусуна, бири-бирине болгон кечиримдүүлүккө, кең пейилдүүлүккө жана ынтымакка чакырат. Бул күндөрү Кудай жолуна чалынган курмандыктар, тиленген бата-тилектер коомубуздагы өз ара сый-урматты арттырып, коомдук биримдикти чыңдоого кызмат кылат.

Биз – ынтымакты туу туткан, кыйынчылыкта бирге болгон улуу жана куттуу журтпуз. Биздин эң башкы байлыгыбыз – Ата Мекенибиздин тынчтыгы менен элибиздин ынтымагы.

Ар бир үй-бүлөгө кут-береке, бейпилдик жана ынтымак-ырыс каалайм. Ата Журттан сырткары, алыс-жакында жүргөн бардык мекендештерибиздин, ошондой эле өлкөбүздөгү бардык мусулман бир туугандарыбыздын жүрөктөрүнө жылуулук, дилине тынчтык орносун",- деди өлкө башчысы.

Буга улай Жапаров учурда Мекке шаарында ажылыкта жүргөн жарандардын аруу-тилектери менен ажылыгы кабыл болуусун тилеп өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан