Бүгүн, 27-майда Ош шаарынын борбордук аянтында Айт намазы окулду. Ага шаар мэри Жанар Акаев катышып, шаар тургундарын жана конокторун Курман айт майрамы менен куттуктады.
Шаар башчысы ар бир үйгө береке, ынтымак, өлкөбүзгө туруктуулук, өсүп-өнүгүү каалады.
Шаардык мэрия билдиргендей, быйыл Ошто борбордук аянттагы Айт намазга катышкандардын саны 15 миңден ашты.