Сот 60 жаштагы адам менен 11 жаштагы кыздын ортосундагы мамилени “сүйүү” деп тааныды. Бул туурасында чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, италиялык 60 жаштагы Пьетро Ламберти 2011-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөнүн кызын багып алган. Ошол эле жылдын жайында алардын төшөктө бирге жатышканы билинип калган.
Эгер Кассациялык сот (Италияда Жогорку сот ушундай аталат) кийлигишпесе улгайган адам 5 жылга эркинен ажыратылмак. Сот бир нече саат алардын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүн тыңшаган. Жыйынтыгында экөөнүн ортосунда “чыныгы мамиле бар” деген чечимге келип, айыпталуучуну актаган.
Айыпталуучунун айтымында, жаш кызды интимдик катнашта болууга көндүргөн, бирок "боюнда болуп калат" деп коркууда.
Айта кетсек, Италияда интимдик катнашта болуу макулдугу 14 жаштан башталат. А эгер экөөнүн бири мамлекеттик камкорчу болсо, анын шериги 16 жаштан жогору болушу керек.