Биз социалдык тармакта

Жээнбек Кулубаев Кытайдын ТИМ башчысы Ван И менен жолугушту

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.
Жолугушууда тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка багыттардагы актуалдуу маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.
Анда жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлардын планы, Кыргыздын жана Кытайдын тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги Стратегиялык диалогдун биринчи жыйынынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү каралды.
Алар ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан