Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуу өткөрдү.
Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн келечегин талкуулашкан. Жээнбек Кулубаев тынчтыкты чыңдоого, туруктуу өнүгүүгө жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн негизги универсалдуу эл аралык уюм катары БУУнун маанилүү ролун белгилеген.
БУУнун башкы катчысы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Бишкекке чакыруу алганын кубануу менен белгилеген.