Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын президенттери: Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон жана Сердар Бердымухамедов мамлекет башчы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттукташты.
Лидерлер Садыр Жапаровго бекем ден соолук, бакыт жана кыргыз элине бакубатчылык, гүлдөп-өнүгүүнү каалашты. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин куттукттоо телеграммаларын мамлекет башчынын администрациясы жарыялады.