Жеке мобилдүүлүк каражаттарын (Электросамокат, гироскутер жана башка) ижарага берүүнү тескөөнү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоону сунуштаган мыйзам долбоору иштелип чыкты. Автору Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов.
Парламенттин сайтындагы коомдук талкууга коюлган документте электрсокаттардын колдонуунун жол-жоболору жазылган.
Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде белгиленгендей, акыркы учурларда электросамокаттардын катышуусундагы жол кырсыктарынын саны көбөйгөн. Мындай учурлар өз кезегинде жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаратууда.