
Вьетнамдын Да Нанг шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча (U-17 жана U-23) Азия чемпиондугунда Кыргызстан курама командасынын балбандары дагы 6 медаль жеңишти. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, алар 1 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль алышты.
- Алтын медаль ээси - 92 килограмм салмакта күрөшкөн Улукбек Сооромбеков;
- Күмүш медаль ээлери - 65 килограммга чейинки салмактагы Өскөнбай Абдысаматов жана 74 килограмм салмагындагы Адилет Акылбеков;
Коло медаль ээлери:
- Юхан Догдурбек уулу (61 килограммга чейин);
- Байтемир Түлөбердиев (79 килограммга чейин);
- Жаргалан Будажапов (125 килограммга чейин).
Эскерте кетсек, мелдеш 31-майга чейин уланат.