Бишкекте топ жигиттердин мушташынан кийин шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Интернет желесинде 27-майга караган түнү тапанча көтөрүп мушташып жаткан жигиттердин видеосу тарап, Биринчи Май райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козгоду.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2000-жылы туулган А.М. жана 1997-жылы туулган К.И. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алардын биринен оюнчук тапанча алынды.
Учурда тергөө жүрүп, окуяга тиешеси бар башка жарандарды аныктоо иштери уланууда.