Биз социалдык тармакта

Баткенде жаңы чек ара посту ачылды (сүрөт)

Өлкөнүн Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгына караштуу Чарбак тозотунун Согмент чек ара постунун ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев (онлайн форматта), президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов баштаган жергиликтүү жетекчилер жана чек арачылар катышты.
Чек ара постунда чек арачылар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Белгилей кетсек, аталган аймакта чек арачылар Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасынын 12 чакырымдан ашык бөлүгүн кайтарат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан