Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Ысык-Көлдө өтө турган дүйнөлүк F1H2O кайыктар жарышы көлгө зыян келтирбесин айтты.
Спикер бул боюнча жыйын өткөрүп, адистер менен баарлашканын белгиледи.
"Бул турнир бүткүл дүйнөдө өтөт экен. Эгер бул боюнча сиздерге (депутаттар) да кызык болсо, анда өзүнчө жыйын уюштуруп берейин. Министрликтер "эч кандай экологияга дагы, элге дагы зыян жок" деген билдирүүлөрдү кылышты. Тескерисинче, туристтик жагынан алганда өтө пайдалуу",- деди Маматалиев 28-майдагы парламент жыйынында.
Бул боюнча ИИМ да билдирүү жасап, айтылып жаткан сындарды негизсиз деп сыпаттады.