Биз социалдык тармакта

Депутат Сарыбашов селдин алдын алуу иштерине кызыкты (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов өлкө аймактарында сел кесепеттерин жоюуда жергиликтүү бийлик аткарып жаткан иштерге кызыкты.

Парламенттин 28-майдагы жыйынында ал: "Көрүп жатабыз, жөнөкөй эле арыктар, түтүктөр ачылбай, чоң айылдарды сел каптап, миллиондогон суммада зыян келүүдө. Ушуларды аныктап, иштебеген жергиликтүү бийликтерге карата сунуштарды берип жатасыңарбы?",- деп ӨКМдин өкүлүнө кайрылды.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов министрлик тарабынан берилген корутундулар убагында аткарылбай калган учурлар бар экенин белгиледи.

"Ал боюнча аймактарда комиссия иштеп жатат",- деди чиновник.

Депутат селдин алдын алуу иштерине кызыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан