Бүгүн, 28-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев чет элдик номурдагы унааларды мыйзамдаштыруу уланарын билдирди.
Ал жакын арада бул боюнча президенттин жарлыгы чыга турганын айтты. Спикер легалдаштыруу жараянына өлкөгө мыйзамсыз кирген скутерлерди дагы кошууну суранганын белгиледи.
"Анткени азыр скутерлер А1 айдоочулук күбөлүгү менен каттоодон өткөнү жатат. Буга чейин андай норма жок болгондуктан бир топ скутерлер мыйзамсыз киргизилип калган экен",- деди Маматалиев.