Биз социалдык тармакта

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү менен көкпар өзүнчө өткөрүлөт

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү жана көкпар боюнча мелдештер өз-өзүнчө дисциплина катары уюштурулат. Бул тууралуу уюштуруучулар расмий маалымдашты.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Салтанаттуу ачылыш аземи Бишкек шаарындагы жаңы “Бишкек Аренада” өткөрүлөт.

Ал эми негизги спорттук мелдештер Ысык-Көл облусунда уюштурулуп, ага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген спортчулар катышат. Көчмөндөр оюндары улуттук спортту, маданиятты жана көчмөн элдердин салтын даңазалаган ири эл аралык иш-чаралардын бири болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан