VI эл аралык балдар фольклордук "Наристе" фестивалына катышуу үчүн Бишкекке чет өлкөлүк делегациялар келе башташты. Алгач Монголиянын өкүлдөрү келгендигин мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, фестивалдын ачылышы 31-майда өтөт.
Программада концерттер, мастер-класстар, форумдар жана маданий иш-чаралар каралган. Майрамдык концерт 1-июнда Ала-Тоо аянтында өтөт.