Биз социалдык тармакта

Жаратылыш министрлигинин аймактык филиалдарына 15 кызматтык унаа тапшырылды

Кечээ, 28-майда Чолпон-Ата шаарында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнө JAC үлгүсүндөгү 15 кызматтык унаа тапшырылды.
Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, "Сарычат-Ээрташ" мамлекеттик жаратылыш коругуна да материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн атайын сертификаттар берилди.
"Жаңы техникалар инспекторлордун ыкчамдыгын жогорулатууга, экологиялык мыйзам бузууларды өз убагында аныктоого ишенимдүү өбөлгө түзүп, республиканын бардык аймактарында көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган",- деп жазылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан