
Кадамжайда 16 жаштагы өспүрүм кырсыктап каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал кечээ, 28-майда Көк-Жалаң жайлоосуна мал караганы бара жатып мотоциклден кулаган. Өспүрүм алган оор жаракатынан улам "Тез жардам" унаасында баратып, ооруканага жетпей калган.
Кырсыктын жана өлүмдүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык жана соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалган. Учурда алгачкы текшерүү иштери жүрүүдө.